Ыйса Машайак менен болгон жаңы жашооңдо мындай алгачкы өзгөрүүлөр боло баштайт:
1. Кудайдын Сөзүн — Ыйык Китепти билүүнү каалоо. “жаңы төрөлгөн бала катары рухий таза сүттү сүйгүлө. Ал аркылуу өсүп, куткарылууга жеткиле.” 22
2. Ыйса Машайакка баш ийип жашоону каалоо. “Эгерде Мени сүйсөңөр, осуяттарымды аткаргыла.” 23
3. Күнөө кылуудан кыйналуу. Мындан ары биз күнөө кылганыбыздан ырахаттана албайбыз. “‘Теңир Өзүнө тиешелүүлөрдү билет’ жана ‘Теңирдин ысымын оозуна алган ар бир адам адилетсиздиктен четтесин.’” 24
4. Тозокко бараткандарга — тобо кылбай, Кудайды тааныбай, Аны менен жеке мамилеси жокторго боор ачуу. “Ал (Кудай) эч кимдин өлүшүн каалабагандыктан, баардыгы Өзүнөн кечирим алыш үчүн, бизге көпкө чыдайт” 25 |