Өз сөзүң менен эле Кудайга кайрылып сүйлөш…
Күнөөлөрүңдү мойнуңа ал. Алардын ар бирин атап чык: текебердик, алдамчылык, калп айтуу, бузуктук, ач көздүк, кечирбестик ж.б.
Күнөөлөрүңө өкүнүү менен тобо кылып жатканыңды — өзүң билген күнөөлөрүңдөн баш тартып, бардык күнөөнүн башаты, тамыры болгон өзүмчүлдүктөн бошонгун келгенин Кудайга айт.
Кудайга ишенгениңди — өзүңдү толугу менен Ага тапшырып, Ыйса Машайакты өз Теңириң жана Куткаруучуң катары таанып, өмүрүңөн орун алууга чакырып жатканыңды айт.
Ал Өз сөзүнө бек туруп, сени кечирет да, өмүрүңө кирип, жан-дүйнөдү жаңыртат.
Өзүңдү Кудайга тапшырганыңда, муну күчтүү сезимдер коштошу да, коштобошу да мүмкүн. Бул өзүңдүн эле кулк-мүнөзүң, турмуштук тажрыйбаң жана Кудайдын сага кылган жеке мамилесине байланыштуу болот. Бул анча маанилүү эмес. Маанилүүсү — өзүңдү Кудайга тапшырганың Ага жагуу ниетинен келип чыкканыңа ишенгениң. Сезимдер өтүп кетет, ал эми жан-дилиңдин Кудай менен түзүлгөн мамилеси өзгөрбөйгон бойдон кала берет.
|